Бүгүн, 23-июль Ош шаарында #CulturalBridge долбоорун жыйынтыктоочу иш-чарасы – “Маданият фестивалы байыркы Ош шаарында” болуп өттү. Анда шаар тургандарына жана конокторуна кыргыз маданиятын көрсөткөн концерттик программа, мастер-класстар, улуттук спорт оюндары, жаш балдарга арналган аянтча, ар түрдүү конкурстар тартууланды.