Юз оф Ошкоомдук бирикмеси Кыргызстанда 10 жылдан ашуун активдүү иштеген прогресивдүү жаштар уюму. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө жаштар жана жаштар саясатын ишке ашырууда тажырыйбалуу эксперттик уюм.

 «Биз жаштардын сапаттуу жашоосуна жана өнүгүүсү үчүн, билим алганга жардам беребиз»

Биз «Өзбекстан менен чектешкен Кыргызстандын аймактарында жаштар арасында тынчтык кызматташтыкты өнүктүрүү » долбоорунун алкагында, жаштардын дараметин жогорулатуу (күчөтүү) жана Өзбекстан менен чектешкен Кыргызстандын аймактарында, БУУнун балдар Фондунун колдоосу менен жаштар арасында тынчтык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жергиликтүү демилгелерди иштеп чыгууга Устаттарды издейбиз.

Катышуунун шарттары:

1. Устат деген ким?

Устат-бул өз ыктыяры менен, өз тажырыйбалары менен бөлүшкөн жана башка бирөөнүн жеке максаттарына жетүүсүнө түздөн-түз кийлигишүүсүз камкордук коргон адам.

2. Устат кантип тандалат?

Устат тандоо резюменин негизинде жана коштомо каттын, тиркелген документтердин жана маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.Устат менен иш алып барган адистерден турган коммисия аймактарда долбоордун критерийлерине жана талаптары боюнча тандайт.

 2019-жылы төмөнкү аталган 9 аймактан 18 устат кабыл алуу пландалууда. Ош облусу –  Кара-Суу ш.,Кашкар-Кыштак а.,Тепе-Коргон а.; Жалал-Абад облусу – Кербен ш.,Кашка-Суу а.,Кок-Серек а.; Баткен облусу – Айдаркен ш.,Бирлик а.,Суу-Башы а.)

3. Ким устат боло алат?

Активдүү жарандар,жарандык уюмдардын өкүлдөрү,мугалимдер жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, Ош,Жалал-Абад жана Баткен облусунун жашоочулары.(6 айдан кем эмес)

Негизги талаптар: 5 жылдан кем эмес социалдык/ бизнес чөйрөдө же жаштар менен иштеген, өзгөчө аярлуу топтогу жаштар менен, облустар аралык сапарлар(командировки по области), биргелешип аракеттенүүгө ачык болгон.

4. Устат болууга кандай документтер керектелет?

  • Резюме (сунуштама же контактары)
  • Коштомо кат(сопроводительное письмо)
  • Жаштар менен иштөө же тренинг өтүү боюнча тастыктаган сертификаттар (3 төн көп эмес) 

5. Устаттыкка качан тапшырса болот?

2019-жылдын 24-августан 3-сентябрьга чейин  cha.osh.youth@gmail.com  дарегине «Устат» белгисин коюуп жөнөтүнүз.

Ылайыктуу талапкерлер гана маектешүүгө чакырылат.

6. Жыйынтыгы качан кантип билинет?

2019-жылдын 10-сентябрына чейин сынактан ийгиликтүү өткөн устатка жекече электрондук почта  же резюмеде көрсөтүлгөн телефон аркылуу билдирет.

7. Устаттын милдеттерине жана талаптарына эмнелер кирет?

Устат долбоор алкагында түзүлгөн топтор менен иштейт, топтор бизнес/социалдык долбоорлорду ишке ашырат. Ар бир Устатка 3-кө чейин жаштар топтору бөлүнөт.

 Устат ай сайын ар бир жаштар топтору үчүн устаттык окууларды өткөрүп турат.

  • Устат менен топтун катышуучуларынын ортосунда ишенимдүү мамиле куруу
  • Жаштардын демилгелерин иштеп чыгуу боюнча иш пландарды түзүү
  • Ай сайын жаштар менен жолугушууларды өткөрүү, жолугушуулар аралыгында топтун катышуучулары менен байланышуу.
  • Жергиликтүү тургундар менен иш алып барууда, ишкердүүлүк жана иш жүргүзүү этикеттерин үйрөтүү
  • Адамдар менен тил табышуу: Мамлекеттик органдар, ММК жана өнөктөштөр менен кызматташуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүү
  • Жогорку иш жөндөмдүү, стресске туруктуу, кыска убакытта иш бүтүрө алган
  • Кыргыз жана орус тилинде эркин суйлогон/ жазган, англис тилин билсе артыкчылыктар
  • Ыктыярдуу патент билим берүү тармагында жана камсыздандыруу полиси

8. Устаттын иштөө мөөнөтү

Устат долбоордо 6 ай иш алып барат (2019-жылдын октябрь айы-2020-жылдын март айы )